Контрабандалык жол менен келген 19 663 200 сомдук кальян тамекилери кармалды (ФОТО)

122

Контрабандалык жол менен ташылып келинген жалпы наркы 19 663 200 сом болгон “Serbetli” жана “Fumari” маркасындагы кальян тамекилери кармалды. Бул туралуу мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан 5-сентябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан “А.Т.К” кампасында «Serbetli» маркасындагы 11200 килограмм кальян тамекиси жана «Fumari» маркасындагы 1200 килограмм кальян тамекиси табылган.
Соода – өнөр жай палатасынын берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 19 663 200 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө  өткөрүлүп берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь