Милиция кызматкерлери 11-кичирайондон эки адамды сабаган (видео)

104

5-cентябрь күнү Kaktus.media нын редакциясына Керет Мусагалиев жана анын жабыркаган досу Актандын жубайы Мээрим (аттары өзгөрүлгөн) кайрылган. Алар милиция кызматкерлеринин эч чара көрбөй жаткандыгына нааразы.

Мен саат 22:00дө 11-кичирайонунда досум Актан менен балкондо тургам. Ошол убакытта короого унаа кирип жатып, Актандын унаасын чийип кетти. Күнөөлүү айдоочу бир аз айдап өтүп токтоду, ал унаанын ичинен үч киши чыгып түштү. Үчөөнүн бирөөсү таштандыны короого ыргытты. Биз ылдый түшүп аларды ыргыткан таштандыны жыйнап жана эмкиде этияттап айдоону сурандык”,- деп айтып берди Керет.

Ал белгилегендей, кишилердин жанына барып таштандыны алып коюшту суранганда, аларга эки адам кол салган. Башына сокку жегенден улам, эсин жоготуп кулаган.

Мен өзүмө кез-кезде келип турганда, бут менен тепкилеп жаткандарын сезип жаттым. Актан досумду дагы сабап жатканын көрдүм”,- деп түшүндүрдү.

Жабыркагандардын мурду, тиштери талкаланып, денесинде көкала тактар болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь