Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту. Өкмөт башчы аларды Катманду шаарында  өткөн  Борбордук зонадагы Бешинчи Азия чемпионатындагы жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктады.

«Силердин жеңишиңер кыргызстандыктарды кубандырып, мамлекет үчүн бул чыныгы белек болду. Баарыңарды маанилүү жана ишенимдүү жеңишиңер менен куттуктайм. Волейболчулардын укмуштуудай чеберчилиги жана мыкты оюну, машыктыруучунун жогорку кесипкөйлүгү биздин командага өлкөбүздө волейбол ыкчам өнүгүп жатканын далилдөөгө шарт түздү. Ар бириңерге кооз жана чыныгы спорттук күрөш, мыкты жеңиш, өлкө үчүн сыймыктанууга дагы бир мүмкүндүк бергениңер үчүн ыраазычылык айтам. Силер миллиондогон күйөрмандарга чыныгы майрам тартуу кылдыңар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, волейбол боюнча биздин улуттук курама Азия чөлкөмүндөгү алдынкы командалардын ондугуна кирип, дүйнөлүк рейтингде 200дөн ашуун өлкөнүн арасында 64-орунда турат.

Өкмөт башчы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудиновду, команданын капитаны  Каныбек уулу Оңолбекти Премьер-министрдин энчилүү сааты менен, волейбол боюнча эл аралык категориядагы калыс Нургазы Кокчолоковду ыраазычылык каты менен сыйлады. Мындан тышкары улуттук курама командага 300 миң сомго сертификат берилип, волейбол федерациясына 100 миң сом бөлүндү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: