Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Талас облусунда жер титирөө катталганын кабарлады.  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 5-сентябрда болжол менен саат 20:45те Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: