Футбол: Кыргызстан 1:0 эсебинде Тажикстанга жеңилип калды

75

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Тажикстандын командасына 1:0 эсебинде жеңилип калды. Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында болуп өттү.

Беттештин 42-мүнөтүндө Алишер Жалилов гол киргизип Тажикстандын командасы эсепти ачты. Ак шумкарлардын аракетине карабай эсеп 1:0 боюнча жыйынтыкталды.

Эки команданын оюну 5-сентябрда Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадионунда болду.

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япония менен оюн өткөрөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь