Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт

101

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 9-10-сентябрь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалыматка ылайык, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь