Бишкек шаарында эки адамды мыкаачылык менен сабаган эки бир тууган кармалып, көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусу боюнча, шектүүлөр өздөрү милиция бөлүмүнө келишкен эмес. Андан тышкары жактоочу да, шектүүлөр өздөрү да көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда.

Эске салсак, 1985-жылкы Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен 1999-жылкы Сеитбеков Калысбек Сеитбекович бүгүн таңкы саат 04:00дөр чамасында укук коргоо органдары тарабынан камакка алган.