Нарындын Кеңеш айылындагы талкууга алынган контейнер мектепке 6-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, ЖК депутаты Алтынбек Жунус уулу жана Нарындын жаңы дайындалган облус башчысы Эмилбек Алымкуловдор барышты. Бул тууралуу депутат Жунус уулу билдирди.

Анын айтымында Кеңештиктер маселени убактылуу болсо да колго алып, контейнер мектепти курган акимге, жергиликтүү бийликке нааразы эмес, тескерисинче ыраазы экендигин айтты.

Эч уяты жок экенин, өкмөттүн абалына түшүнүү менен мамиле кылышаарын Алтынай Сейитбековна экөөбүзгө билдиришти. Айылдагы абал менен таанышсак, ал жакта мектепке жакын, курулушу бүтүп, азыраак жумушу калган жаңы клуб бар экен. Өкмөт тез арада, суук түшкөнгө чейин, ошол клубдун ички жылуулук системасын бүтүрүп, майда-чүйдө бүтө элек жумуштарын жазап, контейнердеги кысылып, аба жетип-жетпей окуп жаткан 4 класс окуучуну клубга көчүрүүнү өз мойнуна алды“,- дейт депутат.

Контейнердеги окуучулар жаңы клубка көчүп, эмдиги жылы жаңы мектептин босогосун атташаары убадаланды.