Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм 4-кабаттын терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлады.
6-сентябрь күнү саат 14:30да «102» номерине телефон билдирүү түшкөн. Жерине барган милиция Курчатов көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы терезеден 2003-ж.т. А.Э. кулап кеткендигин аныкташкан.
Тез жардам кызматы жабырлануучуну Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткиришкен. Учурда кулап кеткен бала жандандыруу бөлүмүндө.
Окуя боюнча териштирүү башталды.