Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа капталынан кулап калды. Бул тууралуу Элдик Медиага күбө билдирди.
Анын айтымында, унаа жүк ташып бара жаткан. Учурда ичиндеги товарларды башка унаага жүктөп жатышат.
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу оор жаракат алган эмес.