Орусиянын Курган облусунда жол кырсыгы катталып, 2 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 5-сентябрда Иртыш жолунда катталган. Жеңил унаа аралыкты туура сактай албай жүк ташуучу унааны барып сүзүп алган. Натыйжада Honda Odyssey унаасында бара жаткан 17 жаштагы өспүрүм жана 45 жаштагы аял киши жабыркаган.

Кыргызстандык 1974-жылы туулган аял ооруканага жаткырылса, 2002-жылы туулган өспүрүм амбулатордук дарылануудан өтүүдө.

Айдоочулар жабыркаган эмес. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: