Тоготуп да койгон жок! Бишкекте айдоочу инспекторду сүзүп качты (видео)

69

Бишкекте ЖКККББнын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлады.

Октябрь райондук ИИБне кенже инспектор арыз менен кайрылып, аны сүзүп кеткен Mazda 626 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна чара көрүүнү өтүнгөн.

Айдоочу ЖКККБнын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес. Ал алдында турган инспектордун токтотууга болгон аракетин тоготпой, сүйрөтүп барып, андан соң из жашырып кеткен.

Окуяга шектүү делип 26 жаштагы жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь