Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 мектепте окуучунун башына футболдук дарбаза кулап, ал ооруканага түштү.

Бул окуя 6-сентябрда дене тарбия сабагы болоордун алдында тыныгуу учурунда катталганын Ленин райондук Билим берүү борборунун директору Айзада Жунусова Элдик Медиага билдирди.

Учурда аталган мектептин спорт залы мөөр басылып жабык турат. Жунусова кошумчалагандай, кырсыкка байланыштуу тиешелүү комиссия түзүлүп окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Ал эми 5-класстын окуучусу учурда ооруканада комадан чыккандыгы, анын абалы орто экендиги маалымдалды.

Ошондой эле №96 мектепти курган компания өздөрү курган объектинин сапатын дагы бир жолу текшерүүгө алгандыгын мэриянын коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Болотбек Апилов билдирди.

Жабырлануучунун абалын шаар жетекчилиги жана райондук билим берүү башкармалыгы өз көзөмөлүнө алды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: