Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышып, адам өмүрү кыйылды (сүрөт)

173

Бишкек шаарынын Манас проспектисинде үрөйдү учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Бүгүн 9-сентябрда жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус бет маңдай сүзүшкөн. Эки унаанын кагышуусунан үчүнчү машина дагы жабыркаган.

Бишкек ШИИБнен билдиргендей “Шкода-Актавио” унаасындагы 4 бала окуя болгон жерден дароо мерт кеткен. Бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилди.Ошондой эле автобустун ичиндеги жургүнчүлөр жана айдоочусу жабыркады.

Учурда жеринде ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.

4 трупа. Мира напротив ВДНХ

Опубликовано БеспределKG Понедельник, 9 сентября 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь