Жалал-Абад ОИИБде эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты

154

Бүгүн 9-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында бир катар эл аралык мелдештерден байгелүү орундарды багындырган кызматкерлер жана «Жаш инспекторлор» сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сѳз кызматы билдирди. Республикалык «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» аталышындагы кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аталган Сузак районуна караштуу №78 З.Бакиров атындагы орто мектебинин командасына белектер тапшырылды.

Мындан сырткары волейбол боюнча V Борбордук аймактык Азия чемпионатында биринчи орунду ээлегендиги үчүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын милиционери Медетбек Эргеш уулуна Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин атынан “Ыраазычылык кат” жолдонду.

Ошондой эле ИИМдин Ички аскерлеринин түзүлгөн күнүнө арналган “Волейбол” боюнча колбашчынын кубогунда II орунду ээлегендиги үчүн “Шумкар” атайын багыттагы полку сыйланып, милициянын сержанты Б.Кадырбек уулу “Мыкты чабуулчу” наамына татыды.

Ал эми кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн салымдарын кошкон бир катар кызматкерлерге ИИМдин “Азамат” медалы ыйгарылып, “Алкыш” жарыяланып, ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары тапшырылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь