Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү.

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөт авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: