Бишкекте футболдук дарбаза басып калган 11 жаштагы окуучу жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Учурду абалы орто. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
“Бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Дарыгерлердин көзөмөлүндө“,-деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой 5-класстын окуучусу 6-сентябрда Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө түшкөн. Анын башы жарылып, мээси жабыркаган.
Кырсыкка байланыштуу тиешелүү комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.