Милиция Ошто баласын балдар үйүнө таштап кеткен аялды издеп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги ОИИББге таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда балдар үйүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды бирөөлөр эшиктин алдына таштап кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алдын ала маалыматка ылайык, бала үй шартында төрөлгөн. Анын киндигин кесип, анан эшиктин алдына ташташкан. Наристенин ата-энесинин өздүгү такталууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: