Чүйдөгү Кемин районунун Орловка айылында 50 жаштагы кишини Мерседес 230 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 8-сентябрда Жеңиш паркында саат 23:30дарда болгон. Жабырлануучу алган жаратынан улам ооруканадан жан берген.
Бул окуяга байланыштуу бүгүн 9-сентябрда боз түстөгү Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу 1985-ж.т. М.А. кармалды. Ал Орловканын жашоочусу болгон. Автоунаа айып короосуна токтотулду.