Чүй облусунун Панфилов районундагы Телман айылында жайгашкан “Ак-Тилек” медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт кечээ, 8-сентябрда болжол менен саат 18:51де катталган. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылып, өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрь күнү саат 02:17де толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чарчы метр чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: