Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту.

Өкмөт башчы маданият менен диндин жалпылыгы, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктар, ошондой эле өз ара кызматташууга ак ниет менен умтулуу  Кыргызстан жана Сауд Арабиясын бириктирип турарын белгиледи.

« Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды камтыган, суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз», – деп Премьер-министр белгилеп, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  Президент Сооронбай Жээнбеков ирригация, билим берүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычык билдирди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: