Атамбаевдин туулган күнүн КСДП “Арноо концерт”аркылуу куттуктайбы?

185

17-сентябрдаАлмазбек Атамбаев 63 жашка чыгат. Буга байланыштуу  мурдагы президенттин тарапташтары аны Коомдук биринчи каналдагы “Арноо концерт” программасы аркылуу куттуктоону демилгелеп чыгышкан.

Бирок “Арноо концерти” аркылуу Атамбаевди туулган күнү менен куттуктоого уруксат бербей коюшканын КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков айтып чыкты.

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата биз КТРКнын “Арноо концерти” аркылуу “Кыргызстаным” деген ыр менен куттуктап, жактоочулары аркылуу ошол убакытта сыналгыны күйгүзүп, 5 мүнөт болсо да туулган күнүндө кубанып калса дегенбиз. Бирок бизге Атамбаевден башка ар кимди куттуктаса болорун билдиришти”, – деп жазган.

Бул боюнча КТРКнын “Арноо концертинин” режиссёру Гүлсина Чотонова эч кандай комментарий бере албастыгын билдирди.

Булак: “Супер.кж”

 


 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь