Өзбекстандын Самарканд облусунда аймактык милиция бөлүмүнө жергиликтүү жарандан коңгуроо түшүп, ал өзүн аялынын уруп-согуусунан арачалоону суранган, деп жергиликтүү басылмалар жазат.
“Жергиликтүү жашоочу “103кө” чалып, өзүн аялынан коргоону өтүнгөн. Аны аялы уруп-согуп, денесине жаракат келтирген. Аялы Нигора – өтө күчтүү экен го, күйөөсүн ушундай абалга туш кылса”, – деп жазылат жергиликтүү басылмаларда.
Жергиликтүү басылмалардын жазышына караганда, Өзбекстандын элинде аялдын эркекке күч көрсөтүүсү көп орун алат. Мындан башка дагы бир жаран өзүнүн аялынан таяк жегендигин айтып арызданган.
mediaplov.asia