9-сентябрда Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде катталган автокырсыктан төрт бала каза болуп, беш адам ооруканага жаткырылды.

Шаардык милициядан кабарлагандай каза болгон төрт бала тең 17 жашта болгон. Skoda Octavia үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан 17 жаштагы Б. Б. каршы тилкеге чыгып кетип, 30 жаштагы Б.А.нын башкаруусундагы автобус менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 2002-ж.т. жүргүнчүлөр К. А., Ж. Э. жана А. Б. окуя болгон жерден дароо мерт кеткен. 2002-ж.т. А.Н. аттуу кыз ар кандай жаракат менен травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген.

Мындан тышкары №8 автобуста бара жаткан үч жүргүнчү дагы ооруканага жеткирилген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: