“Желимсиз Бишкек” акциясынын алкагында Бишкекте желим бөтөлкөлөрдү сала турган атайын бөтөлкө инсталляциялары коюлууда. Аталган долбоорду шаардык мэрия жаш ишкерлер менен биргеликте ишке ашырууда.

Түштүк магистралдагы жаңы салынган паркка бийиктиги эки метрден ашкан эки урна орнотулду. Анын ичине бир толтурганда 1000дей желим шише батат.

Жаңы орнотулган урналар көп каражатты талап кылбайт жана желимдерди чогултуп кайра иштетүүдө өтө ыңгайлуу.

Ичине чогулган желим бөтөлкөлөр долбоордун уюштуруучулары тарабынан түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин чыгарылып турат. Андан соң жергиликтүү кайра иштетүүчү цехке жеткирилет.

Бүгүнкү күндө жаш ишкерлер дагы 60 урнаны жасатуу үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалды. Бир урнанын баасы 7 миң сомду түзөт.

Желим бөтөлкөнү чогултуучу атайын урналар өлкөнүн айрым жерлеринде дагы коюлган. Төмөндөгү сүрөт Боом капчыгайынан тартылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: