Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жигит кармалды. Ал борбордун жашоочусунан акча алдап алып, качып кеткенин ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 2-августта Октябрь РИИБге Х.М. аттуу жашоочу (аял киши) арыз менен кайрылган. Анын айтымында, А.Н. аттуу жигит 2017-жылы декабрь айында жүк ташыган унаа алып келип берүүнү убадалап, 24,5 миң доллар алган. Ушул эле жылы шектүү бизнес ачып берем деп 55 миң доллар алып, качып кеткен.

«Жабырлануучу А.Н.га карата дагы бир арыз жазган. Анын айтымында, шектүү ишенимине кирип, 2019-жылы 16-апрелде 27 миң 604 доллар алдап алган. Бул факттар Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1996-жылы туулган А.Н. кармалды. Ал Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүдөн жабыркагандар 0 (550) 10-25-58, 0 (702) 07-12-65 телефон номурлары же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.

Булак: barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: