Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V “Мисс Москва — 2015” титулунун ээси Оксана Воеводинага үйлөнгөнүнө өкүнүп жатканын жар салды. Бул тууралуу New Straits Times гезити жазды.
Султан өзүнүн билдирүүсүндө анын жеке жашоосу жана сүрөттөрү социалдык тармактарга чыгып кеткендиги жана колдонуучулар тарабынан талкууга алынып жаткандыгына нааразы. Султандын жашоосу калк арасында бүдөмүк ойлорду калыптандырганы аны кыжаалат кылган.
Келентандын сарайы Малайзиянын жашоочуларын социалдык тармактарда тарап жаткан туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырат“, -деп жазылат расмий билдирүүдө.
Воеводина менен Мухаммад V 2018-жылдын ноябрь айында баш кошушкан. Россиялык айым ислам динин кабыл алып атын Рихана деп өзгөрткөн. Султандын жактоочусу 2019-жылы июль айында түгөйлөрдүн ажырашып кеткендигин расмий тастыктаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: