Бишкекте 2-класстын окуучусу үйүнө бара жатып адашып кеткен

88

Шаардык  милиция адашып кеткен окуучуну үйүнө кайтарып берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын маалымат кызматынан кабарлады.

10-сентябрда сааат 12:30дар чамасында Ала-Тоо борбордук аянтында мектептен кайткан окуучу адашып жүргөндүгү боюнча 102 номуруна билдирүү келип түшкөн.

Чакыруу болгон жерге барган милиция кызматкерлери, шаардагы мектептердин биринде окуган 2-класстын окуучусу Б.Э. сабактан чыгып үйүнө бараткан жолдон адашып кеткендигин аныкташкан.

Жоголгон баланын жашаган дарегин тактап, андан соң кызматтык унаасы менен үйүнө барып баланы аман-эсен ата-энесине тапшырышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь