Дастанбек Жумабеков элчи Ёсихиро Ямамурага Ардак грамота тапшырды

94

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны  Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Төрага Дастанбек Жумабеков элчи Ёсихиро Ямамурага кыргыз-жапон кызматташтыгынын өнүгүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ёсихиро Ямамура элчилик кылып турган мезгил аралыгында жалпы көлөмү 10 миллиарддан ашуун жапон йенин түзгөн гранттык долбоорлорго кол коюлган. Мындан тышкары Төрага 2017-жылдары Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын жакшыртууга багытталган эки өлкөнүн кызматташтыгы жемиштүү жүргүзүлгөнүнө токтолду.

Өз кезегинде Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, мындан ары да эки өлкөнүн байланыштары өнүгө берерине үмүр артарын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков элчи Ёсихиро Ямамурага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь