10-сентябрда Жайыл районундагы Орто-Суу айылында жол кырсыгы катталып эки окуучу каза болду. Дагы бирөөнүн абалы оор. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдирди.

2003 жана 2012-жылы туулган бир туугандар чоңдордун уруксаты жок Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унааны үйдөн айдап чыгып кетишкен. 17 жаштагы айдоочу рулду башкара албай бакты барып сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 11-класстын окуучусу жана айдоочунун 1-класстагы бир тууган иниси окуя болгон жерден каза болушкан.

Мындан тышкары айдоочунун классташ баласы катуу жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилди.

Каргашалуу окуядан кийин унаанын ылдамдык көрсөткүчү саатына 120 км көрсөткөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: