Кримтөбөл Камчы Көлбаев бүгүн 11-сентябрда Жайыл райондук ИИБне суракка келди. Белгилүү болгондой ал “Алдамчылык” беренеси боюнча иште күбө катары суралууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББнан билдирди.

Учурда Жайыл райондук ички иштер органында “Алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Көлбаев тергөө иш-чаралары аяктаган соң коё берилген.