Кой-Таш окуясына катышкан депутаттар КСДП партиясынан чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий уюмдун төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирген.

Айтымында, партиядан Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова жана Анвар Артыков чыгарылды. Сагынбек Абдрахманов БШКга аталган депутаттарды социал-демократтардын катарынан чыгаруу тууралуу документти берди.

Анвар Артыков КСДП партиясында турбагандыктан, чечимди абсурд деп атады. Ал эми Ирина Карамушкина башында Сагынбек Абдрахманов турган КСДПнын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп эсептей турганын айтты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1