Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов алгачкы иш сапарында Кара-Кече көмүр кесимине барды. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 11-сентябрда облус башчы ал жерде иштеп жаткан “Шарбон”, “Акжол”, “Кыргыз көмүр” жана “Демилге” көмүр казуу ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, айрымдарына эскертүү берди.

Андан соң Эмилбек Алымкулов көчмө жыйын өткөрүп, Нарын облусунда 2019-2020-жылда күз-кыш мезгилинде даярдыктарды көрүү боюнча маселе каралды. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрөгасынын орун басары Мырза Жаманбаев жана “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Талант Жекшенов катышты. Көчмө жыйында райондук бюджеттик тендерге катышкан ишканалардын көмүр жөнөтүү графиги түзүлүп, акимдерге жер-жерлерге көмүр сактоочу топ базаларды уюштуруу тапшырылды.

Эске салсак, Нарын облусуна быйылкы жылы 97620 тонна көмүр керектелет. Ушул күнгө карата 2800 тонна көмүр казылган. Учурда облуста 68 көмүр кампасы бар.