Ош шаарында 36 жаштагы адам унаасынын ичинде коопсуздук куруна муунуп каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Окуя кечээ, 10-сентябрь күнү Манас-Ата аймактык кеңешиндеги У.Салиева көчөсүндө болгон. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Алардын маалыматы боюнча, Ош ШИИБге саат 9:30 чамасында аталган факт тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 45-50 жаштагы, азиат түспөлүндөгү киши муунганы аныкталган. Ал ошол аймактык кеңештеги батирлердин биринде жашачу. Маркум Кара-Суу районунун Каратай айылында туулган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Ош шаардык өлүкканадан маркум 1983-жылы туулган И.Э. экенин билдиришти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1