2010-жылдагы окуядан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Президент Сооронбай Жээнбеков менен мамлекеттик резиденциядан жолугушат.

Жолугушуу президенттик аппараттын демилгеси экенин айтылууда. Маалыматка караганда, саясатчылардын президент менен болгон жолугушуусу 14-сентябрда саат 17.00дө башталат. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү чакырылган.

Эске салсак, кечээ 10-сентябрь күнү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолугушкан болчу. Анда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов катышкан.