ИИМдин мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалды. Бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 10-сентябрда УКМК өткөргөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун криминалдык милиция кызматынын уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери К.Бапышов кармалды.

Эске алсак, 2019-жылдын 28-августунда Бишкек шаарындагы Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында КР жарандары К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.

Бул окуядан кийин Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюнча катталып, тергөө иштери УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0