Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечээ, 10-сентябрь күнү катуу бороон-чапкын катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Чыгышэлектр” ишканасынын өкүлү Эльдияр Макетаев кабарлаган.

Анын айтуусу боюнча, көбүнчө шаардын жогорку жагы жана анын айланасында жайгашкан айылдар жабыркаган. Бороондон унаалардын жана үйлөрдүн терезелери талкаланган.

Шамал кээ бир үйлөрдүн жана чарбалардын чатырын учуруп, алар электр зымдарын үзүп кетти. Ошондой эле унаалар талкаланып, бактар кулаган. Учурда комиссия жана 10 бригада жеринде иш алып барууда”, – дейт Макетаев.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, катуу шамал болжол менен саат 20:00дө башталган. Учурда өкүлчүлүктүн кызматкерлери элдер менен жолугушууларды жүргүзүүдө. Жабыркагандар катталган жок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: