Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы министр болуп дайындалган Каныбек Исаковду тааныштырды.

« Мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, алардын социалдык маселелерин чечүү жана билим берүү мекемелеринде заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жолу менен билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зор мааниге ээ. Биз билим берүүгө каражат жумшоо аркылуу келечекке салым кошобуз. Билим берүүгө жумшалган ар бир сом келечекте ийгиликтүү экономика жана күчтүү социалдык чөйрөнү камсыз кылат», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле белгилегендей, бүгүн коом жана рынок мугалимдерге, биринчи кезекте чыгармачыл мамиле жана тутумдуу ой-жүгүртүүгө байланыштуу жогорку талаптарды коюуда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: