Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйыны өттү. Жыйынга ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Премьер-министр белгилегендей, Антикоррупциялык кеңеш жарандар жана бизнес ак ниет менен иштебеген мамлекеттик кызматкерлер тараптан, ашыкча жөнгө салуучу тоскоолдуктардан жана айрым мыйзам актыларынын кемчилдиктеринен сезген көйгөйлөрдүн белгилерин талкуулоо боюнча түз диалог үчүн туруктуу иштеген аянтча болушу керек. Ошондой эле бул кеңеш көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жакшы аянт катары кызмат өтөйт.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бардык тармактарда жана ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн себебин жана шарттарын жоюу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу Кыргыз Республикасын 2018-2022-жылдарга карата өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында аныкталган Өкмөттүн ишинин негизги артыкчылыктары болуп саналат.

Премьер-министр сөзүндө улагандай, белгиленген иштердин алкагында Өкмөт тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашты, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктарынын 46,9 % азаюусу байкалууда. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8% кыскарган же 2018-жылы жол кырсыгына кабылган 108 адамга салыштырмалуу 52 жаран учураган.

Чүй облусу боюнча дагы ушундай эле жагдай. Мында жол кырсыктарынын жана жараат алгандардын санынын кыскаруусу байкалат. Тагыраагы, 2018-жылдагы 4 авария жана 6 жабырлануучуга каршы 2 жол кырсыгы жана 3 жабырлануучу.

« Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатканын, анын негизинде «Түндүк» мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасына 66 мамлекеттик орган кошулганын, 74 маалымат базасы иштелип чыкканын жана 24 мамлекеттик органдын бири-бири менен маалымат алмашуусу камсыздалганын билдирди.

Антикоррупциялык кеңеште арыздарды кароодо жана жарандардын кайрылууларында, ошондой эле плансыз салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү маалындагы коррупциялык тобокелчиликтерге байланыштуу маселелер талкууланып, көрсөтүлгөн тобокелчилик менен маселелерди жокко чыгаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сунуштар иштелип чыкты.

Өкмөт башчы Кеңештин мүчөлөрү менен Коррупцияга каршы саясаттагы актуалдуу маселелерди талкуулап, сунуштар жана эскертүүлөр болду.

Айтылган сунуштар ишке ашыруу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңештин кийинки жыйынында каралат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: