Кадыржан Батыровго карата соттун чечими чыкканда ага таандык «Як-40» учагы улутташтырылган.  Батыровдун улутташтырылган мүлкү 2010-жылдан бери «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалында турат. Учууга жараксыз болгон учак эчак пайдалануудан чыккан. Бул маалыматты өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы «Элдик» ишканасынын жетекчиси маалымат жыйында айтканын АКИpress жазды.

Анын айтымында, мекеменин чарбалык башкарууга алган 24 объекттин 13ү мекеменин башкаруусунан чыгарылып, алардын жайгашкан жерине карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү сунушун көтөрүп жатышат.

«Биздин мекемеден чыгарып салууну көздөгөн объектилердин ичинде учууга таптакыр жараксыз болгон ЯК-40 учагы да бар. Ал Ош аэропортунда турган үчүн дагы биз ижарага төлөөгө мажбур болот экенбиз. Жетекчиликтин сүйлөшүүлөрү менен учак турган үчүн биз ижара төлөбөй турган болгонбуз. Ошондуктан аэропорт аны окууга макет катары колдонуп жатышыптыр. Учак турган жеринен учпайт. Ушул жагдайлар эске алынып, өздөрүнүн карамагына өткөрүп алуу сунушу айтылган. Жаңыдан жумушту баштаганда бардык объектилерди көргөнчө сүрөткө дагы тартып чыккам. Сүрөттө учак кандай абалда экени көрүнүп турат», – деди ал.

КР Жогорку соту Кадыржан Батыровду сырттан өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал 2018-жылдын 4-декабрында Одессада каза болгон.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: