Капустага катылган телефонду түрмөдөгү тууганына бермекчи болгон

80

Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абактын кызматкерлери капустага катылган уюлдук телефон жана кубаттагычы менен кошо табышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Телефонду өмүр бою эркинен ажыратылган кишиге туугандары алып кирүүгө аракет кылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абак жайларга тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылгандар жазага тартыларын эскертет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь