Ташкентте 10нан 11-сентябрга караган түнү ММА боюнча Азия чемпиону киши колдуу болуп каза тапты. Маалыматка ылайык, жергиликтүү кафелердин биринен топтошкон балдардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Алар сыртка чыгып мушташканга чейин барышып, натйыжада мушкер Муслим Омонов каза тапкан.

Эрежесиз эр мушташ боюнча Азия чемпиону Муслим Омонов 23 жашта гана болгон. Ал спорттук карьерасында Өзбекстандын 7 жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча бир жолку дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле ММА боюнча Азия биринчилигинин ээси аталган.

Sherdog.com сайтына таянсак, Омонов 9 беттеш өткөрүп, 5 жеңиш 3 жеңилүү ызасын тарткан. Бир беттеши эсепке алынбай калган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: