Турдакун Усубалиевдин уулу акыркы сапарга узатылды

122

Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин уулу Эсенгул Усубалиев 10-сентябрь күнү акыркы сапарга узатылды. Ал 71 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Анын денеси Кочкор районунун Теӊдик айылында жерге берилди.

Маркум Эсенгул Усубалиев 1948-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, ошол эле окуу жайда иштеп, проректор кызматына чейин көтөрүлгөн.

Быйыл Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалевдин 100 жылдыгы белгиленип жатат. Т.Усубалиевдин Сыргак (2007-жылы каза болгон), Эсенгул жана Бермет аттуу 3 баласы бар. Эркин, Эрмек, Энвер, Эсен жана Бегайым аттуу неберелери, Элан, Этар, Эмир, Эмад, Таир-Кемел, Сена-Адел аттуу чөбөрөлөрү бар.

Учурда небереси Усубалиев Эрмек Сыргакович Бишкек шаардык кеӊешинде КСДП фракциясынан депутат.

Булак : elgezit.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь