9-сентябрда болжол менен түнкү саат 23:30дар чамасында Жалал-Абад шаарында мушташ болгон. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан “Дина” түнкү клубунун жанында 1993-жылкы Б.М., аттуу Базар-Коргон районунун тургуну катуу сабалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катары 1997-жылкы Сузак районунун А.Т., жана А.А., аттуу эки тургуну кармалып, эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк окуяга тиешеси бар делген Сузак районунун дагы эки тургуну 1997-жылкы Т.У., жана 1997-жылкы С.А., атуу тургундары кармалып, 2 айга камакка алынган.

Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин кээ бир ЖМКларда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн арасында учурдагы иштеп жаткан Сузак районундагы айыл өкмөт башчыларынын биринин уулу бар экен деген маалымат тараган. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкердин шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайбыз”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: