Эки кишини аёосуз сабаган шектүүлөрдүн милициядагы тууганы камакка алынды

96

Эки кишини аёосуз сабады делген кылмышка шектүүлөрдүн милициядагы тууганы Казыбек Бапышов 10-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө абагына камалды. Мындай чечимди кечээ 12-сентябрда Биринчи май райондук соту чыгарды.

11-сентябрда УКМКнын ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Казыбек Бапышов кармалганы кабарланган.

Ал 28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эки адамды катуу сабап, өмүрүнө коркунуч келтирди деп кармалган бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун тууганы. Милицияда иштеп турган учурда Казыбек Бапышов окуя болгон жерге жетип барып, жакын туугандарын кармаган милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылып, инилерин бошотуп кеткен деп шек саналууда. Бул окуядан кийин ал кызматынан бошотулган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь