Россиянын президенти Владимир Путин UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана анын атасы Абдулманап Нурмагомедов менен жолукту.

Спортчу Дагестанга келген мамлекет башчыны узатуу үчүн Махачкаланын аба майданына келген.

Уулуңуздун жеңиши менен куттуктайм. Күчтүү, чыдамкай мушкердин татыктуу беттеши болду“,-деди Путин мушкердин атасына кайрылып.

“Таза жана кызыктуу беттешиң менен куттуктайм. Классикалык муунтуу ыкмасын жакшы колдондуң. Кекиртегин кыскан жоксуң. Чын айтып атам, мен эки тараптан тең көрүп отурдум. Эрежеге ылайык кыстың. Бардыгы таза болду”,- деп белгиледи президент Хабиб менен болгон сүйлөшүүсүндө.

Эске салсак, 7-сентябрда UFC 242  турниринин алкагында Нурмагомедов Дастин Порье менен беттешип, аны жеңүү менен чемпиондук титулун сактап калды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: