Башкы бет САЯСАТ Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы окуяга катыштыгын айтып беришти

Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы окуяга катыштыгын айтып беришти

97

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту.

Жыйындын жүрүшүндө алар 7-8-августунда Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган эмес.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилген, алар: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь