Нарын облусунун Ат-Башы районунда үйүнүн алдында ойноп жаткан 13 жаштагы Адилет Наказбеков дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
3-сентябрда Ат-Башы РИИБине 20 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 29-август күнү Адилет Наказбеков аттуу иниси үйдүн алдында ойноп жатып жоголгонун айткан. Ошол бойдон ушул күнгө чейин дайынсыз болууда.
Бул факт боюнча Ат-Башы РИИБи бүгүнкү күндө ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Адилетти көргөн-билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу билдирип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефондор: 03534 2 12 83, 0702 227 474.