Бишкекте айдоочу 1-класстын окуучусун сүзүп кетти (видео)

69

Бишкекте Алтымышев көчөсүндө «Митсубиси» унаасынын айдоочусу 1-класстын окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу “Репортер” күбөлөргө таянып жазды.

Окуя кечээ 13-сентябрда болгон. Жабыркаган бала шаардагы №74 мектептин окуучусу экени айтылат. Кырсык болгон жерге келген тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен.

Күбөнүн айтымында мектептин алдындагы жол оңдолуп, бирок балдардын коопсуздугун сактаган жасалма белгилер орнотулган эмес. Мындан улам тиешелүү кызматтын буга көңүл буруп, чара көрүүсүн өтүнөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь