Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов катуу бороондон жабыркагандарга акчалай жардам берди. Мэриядан билдиргендей, материалдык жардамдын жалпы суммасы 727миң сомду түздү.

Эске салсак, 10нан 11-сентябрга караган түнү Каракол шаарында катуу шамал катталып, 40тан ашуун үй жабыркаган.

11-сентябрдын таңында шаар башчысы Адыл Каниметов тиешелүү кызматтар менен чукул жыйналыш өткөрүп, алар менен бирге кырсык болгон жерлерге барып келтирилген чыгымды эсептешкен.

Ушул эле күнү шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессия өткөрүп, 727миң сом өлчөмүндө материалдык жардамды мэриянын бюджетинен бөлүү чечимин кабыл алышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: